
16:44, -ж., 13-июль
Ленин округунда кайра боло турган шайлоого 13 млн 208 миң 800 сом коротулат

10-сентябрда боло турган Бишкек шаарынын Ленин райондук бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешке депутаттык шайлоого 13 миллион 208 миң 800 сом жумшалат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссисиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган смета шайлоону уюштурууга, маалыматтык жактан камсыздоого, комиссия мүчѳлѳрүнжанаишкетартылганкызматкерлердинэмгекакысынтөлөөчыгымдарынкамтыйт. ОшондойэлеЛенинокругдукжана 51 шайлоокомиссияларынын 745 мүчѳсүишкетартылат. Идентификациялоону камсыз кылуу үчүн 24 операторду жумушка алуу пландалууда. БШК мурунку шайлоого салыштырмалуу айрым чыгашалар кыскартылган да белгиледи. Анда 18,8 миллион сом жумшалган болчу.
«Шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрүнѳокутууѳткѳрүүгѳ, алүчүнкеңсе буюм-тайымдарын, маалыматтык жана башка материалдарды сатып алуу чыгашалары кыскартылды. Анткени 28-майда болгон мѳѳнѳтүнѳнмурдашайлоонудаярдоодошайлоокомиссияларынынбардыкмүчѳлѳрүүчүнокууларѳткѳрүлүп, зарылкеңсебуюмдарыжанабашкаматериалдар менен камсыздалган», -дейт Боршайком.
Буга чейин Бишкектин Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоо 28-майда өткөн. Мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылган. Ниязалиева сотко кайрылган. 9-июнда Бишкектин административдик соту БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапса, 16-июнда Жогорку сот бул чечимди күчүндө калтырган.
18-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Ленин районунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.
Мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо өткөрүүгө экс-депутат Жаныбек Абировдун кафеде мушташканына байланыштуу мандатын тапшырганы негиз болгон.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер