• Башкы бет
  • Ошто үлүштүк эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат
16:10, -ж., 12-июль

Ошто үлүштүк эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

Ошто үлүштүк эки көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын муниципалдык ипотекалык компаниясы тарабынан салынып жаткан үйлөрдүн курулушу менен жеринен таанышты.

Калаа башчысы Набережная көчөсүндө 9 кабаттан турган 106 батирлүү үйдүн курулушу жана Тилеке-Баатыр көчөсүндө 12 кабаттан турган 100 батирлүү үйдүн курулуш иштерин көрүп чыкты.

Долбоордун негизинде аталган үйлөрдүн айланасы жана ага чектеш аймак көрктөндүрүлүп, балдар аянтчаларын, унаа токтотуучу жайларды куруу каралган.

Бардык жумуштар белгиленген графике ылайык жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...