• Башкы бет
  • Ашыкча жүк жүктөлгөн унаалар айып пул салынууда
16:06, -ж., 12-июль

Ашыкча жүк жүктөлгөн унаалар айып пул салынууда

Ашыкча жүк жүктөлгөн унаалар айып пул салынууда

18 тоннадан ашык жүк жүктөп алган унааларга протокол түзүлүп, айып пул салынууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, министрликтин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы тарабынан 1-июлдан 10-июлга чейин ашыкча жүк жүктөп алган айдоочуларга 15 протокол түзүлгөн. Жалпы 230 миң 500 сомго айып пул салынып, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу 21 миң 520 сомду түздү.

Буга чейин Транспорт министрлиги жүк ташуучу унаалар абанын температурасы 28°С жана андан жогору болгон учурда саат 10:00дөн кечки 20:00гө чейин жолго чыгуусуна чектөө киргизген.

Буйрук жүргүнчү, гуманитардык жардамдарды, тез бузулуучу азыктарды ташыгандарга тиешелүү эмес. Ал эми унаа жолдорун оңдоо менен алектенген оор техникалар жүрө алышат.

Мындай чектөө 2023-жылдын 1-сентябрына чейин күчүндө болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Айып пул

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...