
16:03, -ж., 12-июль
«Азаттык Медиа» боюнча соттук иш токтотулду

«Азаттык Медиа» мекемеси Бишкек шаардык сотунун 12-июлдагы чечими боюнча маалымат берди. Ага ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медианын» ортосунда тынчтык келишими бекитилип, соттук териштирүү токтотулду.
«Азаттыктын» сайты жазгандай, «Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу талаш жараткан видео «Эркин Европа/Азаттык» веб-сайттарында жеткиликтүү эмес.
Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык жана интернет мейкиндигинде жогорудагы видеоматериал жок болгондугуна байланыштуу маданият министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер