• Башкы бет
  • Ош милициясы «Ринго Трейд» финансылык брокериндеги окуяны иликтейт
16:18, -ж., 11-июль

Ош милициясы «Ринго Трейд» финансылык брокериндеги окуяны иликтейт

Ош милициясы «Ринго Трейд» финансылык брокериндеги окуяны иликтейт

Ош шаарындагы «Ринго Трейд» финансылык брокерине ири суммада акча уттурду делген тургундардын видеосу боюнча иликтөө башталды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов окуяга юридикалык баа берилерин билдирген.

10-июль күнү социалдык тармакта Ош шаарынын тургундары «Ринго Трейд» брокеринде кумар оюндарын ойноп, акча уттуруп жатканы тууралуу видео тараган. Тасманы Аваз Номанов атуу «Фейсбук» колдонуучусу жарыялаган. Ал кыргыз жарандарынын бири 130 миң, экинчиси 10 миң доллар уттурганын айткан. Ошондой эле тасмадан имарттын ичи жасалгаланып, бир нече бөлмөдө копьютерлер орнотулганын көрүүгө болот.

«Бир гана башка мамлекеттин жарандары ойнойт деди эле. Бул жерде кыргыз жарандары эле ойноп, акчаларын уттуруп жатат. Ким чара көрөт?»,— деп нааразы болгон ал.

2022-жылдын 30-июнунда Садыр Жапаров Кыргызстанда кумаркана ишмердигине уруксат берген мыйзамга кол койгон. Казино ачууга ушул жылдын 2-майында алгачкы жолу линцензия берилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош ШИИБ

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...