
16:15, -ж., 11-июль
УКМК 2 гектарга жакын жерди мэриянын балансына кайтарды

УКМК Жалал-Абад шаарында өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылганын маалымдады.
Атайын кызматтын билдиришинче, аталган иш боюнча соттолгондор 2000-жылы ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуп, мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз ээлешкен.
Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май, июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталган.
Азыркы учурда мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерге Жалал-Абад мэриясы социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп ж.б.) курууну пландоодо. Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык үйлөр курулмакчы.
Жалал-Абад мэриясынын маалыматы боюнча, мамлекетке кайтарылган мүлктөр калаанын Ленин жана Курманбек көчөлөрүндө жайгашкан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер