• Башкы бет
  • Некролог: Кыргыз Республикасынын эл артисти Режап Таджибаев дүйнө салды
14:07, -ж., 10-июль

Некролог: Кыргыз Республикасынын эл артисти Режап Таджибаев дүйнө салды

Некролог: Кыргыз Республикасынын эл артисти Режап Таджибаев дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл артисти Режап Таджибаев 1950 -жылда Ош шаарында туулган. Ал чыгармачыл эмгек жолун 1972 - жылда Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалык-драма театрында драма актёру катары баштаган.

Режап Таджибаев, таланттуу актёр катары бир топ алдынкы ролдорду ийгиликтүү аткарып, өзүнүн таланты менен көпчүлүктүн көңүлүнөн орун алган. Анын аткаруусундагы ар түрдүү образдар көрармандардын театр искусствосуно болгон сүйүүсүн арттырган.

Режап Таджибаев "Хужа Насриддин", "Адолат", "Тахир жана Зухра", "Нурхон", "Бул чалдар -- жаман чалдар", "Барсбек", “Айкөл Манас” сыяктуу спекталдердеги өзгөчө ролдорду аткаруусу менен эсте калган. Ал Ош элинин арасында «Ушлик Хужа Насриддин» атка конуп, өзүнүн таланты менен чет өлкөлөрдөгү атактуу режиссёрлордун назарына түшкөн актёр болгон.

Орто Азиядагы таанымал «Муножот» спектаклындагы Дарвеш ролун жогорку деңгээлде аткарган. Улуу Британиянын Лондон шаарында У. Шекспирдин калемине таандык «Ричард III” спектаклында башкы ролду аткарып, Европа театрларынын сахналарында Бабур театрын даңазалаган.

Ал театр өнөрчүлүгүнө кошкон зор салымы үчүн бир топ мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланып, 1990-жылда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамына татыган. 2022-жылда актёр Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамына ээ болгон.

Ош шаарынын мэри Б. Жетигенов, мэрдин орун басарлары М.Исаев, С.Жунусбаев, Н.Кадыров, З.Юсупов, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Кубатбек уулу, мэрдин кеңешчилери, мэриянын бөлүм башчылары жана жалпы Бабур атындагы Ош Мамлекеттик Академиялык өзбек музыкалуу драма театрынын жамааты Режап Таджибаевдын беймаал кайтыш болгонуна байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Режеп Таджибаев

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...