14:02, -ж., 10-июль

Эртең жаан жаабайт

Эртең жаан жаабайт

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, эртең, 11-июлда Ысык-Көл облусунда түнкүсүн айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Талас облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +29…+34,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Нарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 32…34 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...