
13:58, -ж., 10-июль
УКМКнын башчысы "маткронимге" каршы пикирин билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «матронимге» каршы экендигин билдирди. Ал «Фейсбук» баракчасына «матчествого» жол жок деп билдирүү калтырган.
«Аны ким кабыл алган болсо, ошол жокко чыгарсын! Бул менин жарандык позициям», — деп жазган Ташиев.
Буга чейин балдарын жалгыз өстүрүп жаткан жаран аларды өз атына каттатып койгон. Аны туура эмес деп эсептеп Мамлекеттик катто мекемесинин жетекчиси ал жаранды сотко берген. Конституциялык сот анын мыйзамдуулугун карап чыгып, балдар 18 жаштан баштап атасынын атынын ордуна энесинин атына каттоого турууну өзү чечиши керек деп чечим чыгарып берген. Статс-катчы жана муфтият буга каршы экендигин билдиришкен.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер