
13:56, -ж., 10-июль
Украина: согуш башталгандан бери 494 бала каза болду

Украинада согуш башталгандан бери 500 күн өттү. Бул убакта өлкөдө 494 бала каза болду. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 8-июлда билдирди.
Дагы 1051 бала ар кандай жаракат алган. Бул сандар анык эсеп эмес. Украин башкы көзөмөл кызматы согуш болгон жерде каза болгондорду аныктоо иштери уланып жатканын кабарлады.
Согушта балдар эң көп жабыркаган облустар:
§Донецк 472;
§Харьков 297;
§Киев 129;
§Херсон 115;
§Запорожск 91;
§Николаев 89;
§Днепропетровск 83;
§Чернигов 71;
§Луганск 67 бала.
Жалпы 10 миңден ашык украиналык карапайым калк көз жумган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
15:37, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер