• Башкы бет
  • Баткенде жоокер куралга жасаган этиятсыз мамилесинен улам каза болгон
13:52, -ж., 10-июль

Баткенде жоокер куралга жасаган этиятсыз мамилесинен улам каза болгон

Баткенде жоокер куралга жасаган этиятсыз мамилесинен улам каза болгон

Баткен облусунда №35524 аскер бөлүгүнүн жоокери куралга жасаган этиятсыз мамилесинен улам каза болду. Окуя 9-июлда орун алганын  «Т-Медиага» Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлаган.

Каза болгон жоокер келишим негизинде кызмат өтөп жаткан. Окуя болгон күнү суткалык нөөмөттө турган. Министрлик учурда окуянын себептери такталып, кызматтык иликтөө дайындалганын кошумчалады.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматы боюнча, 2022-жылы Кыргызстандын куралдуу күчтөрүндө өз өмүрүн кыйган төрт окуя катталган.

Ал эми 2020-2021-жылдары ондой жоокер өз жанын кыйган. 2019-жылы Кыргызстанда аскерде жүрүп каза болгон 13 жоокердин өлүмү суицид катары бааланган. 2018-жылы 17 аскер кызматкери өз жанын кыйганы кабарланган. Андан сырткары зордук-зомбулукка байланыштуу бир катар фактылар катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Баткен

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...