14:39, -ж., 7-июль

Айрым аймактарда жаан жаайт

Айрым аймактарда жаан жаайт

Кыргызгидромет билдиргендей, 8-июлга караган түнү Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында, Жалал-Абаддын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,

Ысык-Көлдө түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27,

Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Бишкек шаарында 8-июлда өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +28…+30 градус болот.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аба ырайы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...