
14:36, -ж., 7-июль
Жогорку Кеңештин эки депутаты мандатынан ажыратылды

Жогорку Кеңештин депутаттары Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов жасалма диплом алган делинип, мандатынан ажыратылды. Мындай чечим 6-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында кабыл алынган.
Депутаттардын жасалма диплом алганын БШК иликтеп чыккан.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин диплому 2022-жылдын январь айынан баштап текшерилип баштаган. Алгач УКМК Жогорку Кеңештин 4 депутаты жасалма диплом алууга шектелип жатканын билдирген. Кийин жасалма диплом алууга шектелип жаткан эки депутаттын атын атаган. Алар «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Фархат Исмаилов менен «Альянс» фракциясынын депутаты Фарходбек Алимжанов.
Бул билдирүүдөн кийин Фарходбек Алимжанов диплому жасалма деген маалыматты төгүндөп, соцтармактагы баракчасына билдирүү тараткан. Анда ал ОшМУнун экономика факультетин 2016-жылы аяктап, бакалавр даражасын алганын, 2018-жылы президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багыты боюнча магистратураны аяктаганын ЖАЗГАН. Депутат кайрылуусунда дипломунун жана тайпалаштарынын сүрөтүн жүктөгөн болчу.
Кийинчерээк бул маселе каралбай калган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер