
14:33, -ж., 7-июль
Билим берүү министрлиги абитуриенттерди ЖОЖдорго кабыл алуудагы босого баллды бекитти

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылында жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуудагы босого баллды бекитти.
Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого балы жылдагыдай эле 110, предметтик тесттердин босого баллы 60 бойдон калтырылды.
Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы — 115, предметтик тест — 60 балл болуп бекиди. Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110, предметтик тест – 60 балл.
I жана II топтогу майыптыгы бар жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест -105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест -100 балл болуп бекитилди.
Билим берүү жана илим министрлиги жогорку окуу жайларга босого баллдан жогорку же бирдей балл алган абитуриенттер кабыл алынарын эскертти.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер