• Башкы бет
  • «Ысык-Көл» аэропортунун чатырынан суу агып, имаратты каптаган
14:29, -ж., 7-июль

«Ысык-Көл» аэропортунун чатырынан суу агып, имаратты каптаган

«Ысык-Көл» аэропортунун чатырынан суу агып, имаратты каптаган

Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун чатырынан катуу жаандан улам суу өтүп , имаратты каптады. Анын видеосун соцтармак колдонуучулары бөлүшүп жатат.

Аэропорттун маалымат кызматы бул окуя, 6-июлда болгонун билдирди. Суу аба майдандын каттоо бөлүмүнүн чатырынан агып, жарым саатта абал калыбына келтирилген. Мекеме мындай ыйгайсыздык аэропорттун имараты эски болгондуктан жаралганын түшүндүрдү. 

«Азыр аба майдан штаттык режимде иштеп жатат. Суу кирген аба майдандын каттоо  имаратты эски болчу»,-деди маалымат кызматты.

Соцтармак колдонуучулары туристтик сезондо, чет элдик коноктор көбөйгөн мезгилде мындай абал болгонун сындап жазып жатышат.

Ушул жылдын 18-мартында катуу шамал болуп аэропорттун жаңы курулуп баштаган тосмосу кулап калган. Аталган окуя боюнча президенттин маалымат катчысы Дайырбек Орунбеков сапатсыз курулганын подрядчы компания  мойнуна алаарын билдирген.

Өткөн жумада «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушу  башталаган.

Ысык-Көлгө чет жактан да каттамдар ачылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аэропорт

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...