• Башкы бет
  • Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында ФАПтын курулушу башталды
16:07, -ж., 6-июль

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында ФАПтын курулушу башталды

Ош шаарынын Жапалак айыл аймагында ФАПтын курулушу башталды

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Жапалак айылында жаңыдан салынып баштаган фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) курулуш иштерин көрүп чыкты.

Бул жердеги жаңы ФАПтын айланасындагы имараттардын мыйзамдуулугун текшерип чыгуу тапшырмасын тийешелүү кызматтарга милдеттендирди.

Ошондой эле курулуш иштерин сапаттуу жана көрсөтүлгөн мөөнөтүнөн кечиктирбей бүткөрүү талабын койду.

Долбоорго ылайык, жаңы ФАПтын курулушун үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын орто ченинде бүткөрүү жана ага керектүү бардык жабдууларын орнотуу каралган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жапалак айыл өкмөтү

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...