
15:58, -ж., 6-июль
Чоң-Алайдагы чек арада жайгашкан аймактарга өзгөчө статус берилди

Ош облусунун Чоң-Алай районунун Тажикстан менен чектешкен бардык айылдары өзгөчө статусу бар чек ара аймактарынын тизмегине кирди. Бул тууралуу райондун акими Темирболот Абыкеев кабарлады.
Абыкеевдин айтымына караганда айрыкча акыркы жылдары Тажикстан менен чек ара көйгөйлөрү жаралып, район эли чек ара макамын алууну сунуштап келишкен. Өлкө башчы Садыр Жапаровдун аталган районго болгон иш сапарында да жашоочулар бул маселени көтөрүшкөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тарабынан 2023-жылдын 23-июнунда «Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу токтому кабыл алынган. Анын негизинде Чоң-Алай районунун чек ара менен чектешкен аймактарына өзгөчө макам берилген.
2022-жылы Баткендин Тажикстан менен чектеш аймактарда жайгашкан 62 айылга өзгөчө макам ыйгарылган. Өзгөчө макамга ээ айылдарга мамлекеттен субсидиялар жана дотациялар берилип жана айрым төлөмдөрдөн бошотулган. Буга бюджеттен 250 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнгөн.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер