
15:54, -ж., 6-июль
Президенттин тууганы камакка алынды

Президент Садыр Жапаровдун тууганы Улан Жапаров камакка алынды. Ал ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип жатат. Бул маалыматты Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайыр Орунбеков ырастап Фейсбук баракчасына жазды.
Камакка алынган 32 жаштагы Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. Ал мыйзамсыз иште тийешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды.
«32 жаштагы Улан Жапаров өлкө башчынын тууганы экени анык. Тактап кетейин, Президент Садыр Жапаров кимде ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен» — деп жазды Орунбеков.
Ошондой эле ал өлкө башчынын жана анын жакындарынын атын жеке кызыкчылыгы үчүн пайдалангандарга чара көрүлөөрүн жазды.
Буга чейин сайттар Биринчи май райондук соту Ж. У. Р. аттуу жаранды кармап, 26-июлга чейин камакка алынганын жазып чыгышкан. Анын президентке тууган экендиги буга чейин айтылып жаткан.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер