
15:30, -ж., 5-июль
Салык кызматы шылуундардан сак болууга чакырды

Мамлекеттик салык кызматы «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын биринчи этабынын жеңүүчүлөрүнө телефон чалып, куттуктап, утуп алган байгени алуу үчүн акча которууну суранган шылуундар пайда болгонун эскертти.
Мекеме жеңүүчүлөргө эч кандай салык салынбасын, байгелери толугу менен акысыз берилерин эскертти. Ведомстволор аралык көз карандысыз комиссия байге ээлерин лотереянын шарттарына жана талаптарына шайкештигин текшерүүдө. Андан кийин гана жеңүүчүлөрдү сыйлыктарды алуу үчүн сертификаттарды тапшырууга чакырат.
Эске салсак: «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясы 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлүп, миңден ашуун жеңүүчү аныкталган. Экинчи тур ушул жылдын 2-июлунда башталган.
Лотереянын экинчи турунда Бишкектен он батир, он электромобиль, чет өлкөгө үч жолдомо, 500 iPhone14, 500 смартфон, 150 ноутбук, Дайсон маркасындагы 20 фен ойнотулат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер