• Башкы бет
  • Ушул жылдын 6 айында 60тан ашуун өспүрүмдөр сууга чөгүп кеткен
15:27, -ж., 5-июль

Ушул жылдын 6 айында 60тан ашуун өспүрүмдөр сууга чөгүп кеткен

Ушул жылдын 6 айында 60тан ашуун өспүрүмдөр сууга чөгүп кеткен

Ушул жылдын алты айында эле 60тан ашуун өспүрүмдөр сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматына карганда Коомдук коопсуздук кызматынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө  инспекциясынын кызматкерлери тарабынан көлмөлөрдүн жанында жана өлкөнүн дарыяларынын жээктеринде жайкы эс алуу жайларын текшерүү иштери жүрүгүүзүдө. 

Ошондой коопсуздук чаралары, спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө, эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоо жана өз буюмдарын кароосуз калтырбоо жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат. 

Милиция кызматкерлери эс алуучуларга атайын бөлүнгөн жайларда гана сууга түшүүгө, ал эми, ата-энелерге балдарды кароосуз калтырууга жол берилбестигин жана балдарга чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүгө болорун эскертишти.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#өспүрүмдөр

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...