• Башкы бет
  • Конституциялык сот Капалованын иши боюнча түшүндүрмө берди
14:05, -ж., 4-июль

Конституциялык сот Капалованын иши боюнча түшүндүрмө берди

Конституциялык сот Капалованын иши боюнча түшүндүрмө берди

Кыргызстандын Конституциялык соту балдарынын документиндеги «атасынын аты» деген графага өзүнүн атын жаздырган активист Алтын Капалованын иши боюнча 3-июлда түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, мекеме 30-июнда Үй-бүлө кодексинин (63-беренесинин 2-бөлүгү) жана «Жарандык абалдын актылары жөнүндө» мыйзамдын айрым ченемдик укуктук актыларын карап, ал Конституцияга каршы келбейт деп тапкан. Мыйзамга ылайык, ысымдар кыргыздын улуттук каада-салты боюнча, ошондой эле советтик система боюнча ыйгарылат: өз аты, фамилиясы жана атасынын аты.

«Кыргыздын улуттук каада-салты боюнча ысым ыйгаруу тартиби («уулу, кызы, тегин» деген жазуу менен) өзгөрүүсүз калат. Бирок эрезеге жетип (Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 56-статьясына ылайык он сегиз жашка чыкканда), башкача айтканда турмушка объективдүү баа берип жана өз иш-аракеттери үчүн толук жоопкерчиликти алуу жөндөмүнө ээ болуп, тигил же бул себептерден, же болбосо башынан өткөн оор турмуштук трагедиялардан улам өзүнүн толук атынын элементи катары эркектин атын кабыл албаган жаран атасынын же энесинин атын тандоо укугуна ээ болушу керек. Каралган маселе калктын анчалык көп эмес бөлүгүнө гана тийиштүү болушу мүмкүн. Ошондуктан ушундай жагдайларга дуушар болгон жарандардын укуктарын теңдөө жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоого бөгөт коюу максатында мыйзамдар кабыл алынган Чечимде көрсөтүлгөн укуктук мүмкүнчүлүктөрдү камтууга тийиш. Кабыл алынган чечим ат коюу менен байланышкан коомубуздун салттуу жана тарыхый негиздерин бузууга алып келбейт«, — деп айтылат Конституциялык соттун маалыматында.

Капалованын бала төрөлөрү менен энесинин атын фамилия кылып берүү боюнча арызы канааттандыруусуз калтырылды. Конституциялык сот бала атасынын же энесинин атын алууну 18 жашка чыккандан кийин гана өзү чечиши керектигин белгилеген.

Алтын Капалова балдарына өзүнүн фамилиясын, атасынын атынын ордуна өз атын бергени үчүн 2021-жылдын январдан тартып Мамлекеттик каттоо кызматы менен соттошуп келе жатат. Мекеме Капалова балдарынын күбөлүктөгү атасынын атынын ордуна өз атын жаздыруу менен «Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү» мыйзамды бузду деп билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Конституциялык сот

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...