• Башкы бет
  • «Мегаком» 14,6 млрд.сомго сатыкка коюлду
13:54, -ж., 4-июль

«Мегаком» 14,6 млрд.сомго сатыкка коюлду

«Мегаком» 14,6 млрд.сомго сатыкка коюлду

Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги «Альфа Телеком» ишканасын (мурдагы «Мегаком»компаниясы) 14,6 миллиард сомго баалап, сатыкка чыгарды. Аукционго арыздарды кабыл алуу бүгүн, 4-июлда башталды.

Мекеменин сайтындагы маалыматка ылайык, аукцион 2-октябрда саат 16:00до etp.okmot.kg электрондук соода аймагынын порталында өткөрүлөт.

Маалыматта компаниянын 8 миллион 700 миң даана акциясы мамлекетке таандык экени айтылат. Ал 2G, 3G жана 4G стандарттарында уюлдук мобилдик радиотелефон байланышын жана маалыматтарды берүү кызматтарын көрсөтөт, ошондой эле телекоммуникациялык тармактарды, системаларды жана түзүлүштөрдү долбоорлоо, куруу, монтаждоо жана фискалдык маалыматтар оператору боюнча кызматтарды көрсөтөт.

«Альфа Телекомдун 2,5 миллион абоненти, 5 миң 403 базалык станциясы, 15 миң 891 соода түйүнү, аймактарда тогуз аймактык филиалы, 12 фирмалык салону жана 69 тейлөө кеңсеси бар. Учурда ишканада 1292 адам иштейт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Альфа Телеком

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...