
15:53, -ж., 3-июль
Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев каза болду

Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү театр сүрөтчүсү Макен Сыдыкбаев 86 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Макен Сыдыкбаев 1937-жылы Ысык- Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кытай айлында туулган.
1958-жылы. С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1964-жылы В. И. Суриков атындагы Москва мамлекеттик академиялык көркөм сүрөт институтун бүтүргөн.
Эмгек жолун 1964-жылдан тарта Мамлекеттик орус драма театрында сүрөтчү-коюучу болуп иштөөдөн баштаган.
1969-1994 –жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик драма театрында сүрөтчү-коюучу, башкы сүрөтчү, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера балет театрында сүрөтчү- коюучу, башкы сүрөтчү, 1967-1975-жылдар аралыгында С. Чуйков атындагы көркөм окуу жайында жана 1994-жылы И. Арабаев атындагы Мамлекеттик педагогикалык университетинде мугалим болуп иштеген.
«Кызыл жоолук жалжалым» (Ч. Айтматов), «Эжелүү-сиңдилүүлөр» (А. П. Чехов), «Манастын уулу Семетей», «Айкөл Манас», «Сейтек» (Ж. Садыков), «Ак боз ат» (Ш. Садыбакасов), «Төрт адам» (М. Байжиев), «Алтын кыз» (В. А. Власов), «Кармен» (Ж. Визе), «Курманбек» (Н. Давлесов), «Отелло» (Ж. Верди) жана башка көптөгөн спектаклдерди көркөмдөгөн. «Заводдун короосунда», «Жаандан кийин», «Күз», А. Малдыбаевдин портреттери жана башка живопистик эмгектери бар.
Үзгүлтүксүз чыгармачылыктагы жолу жана кесипкөйлүгү аркылуу ал СССР сүрөтчүлөр союзунун, СССР театр ишмерлер союзунун жана Кыргыз ССРнин театр ишмермелер союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
15:20, -ж., 18-ноябрь
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер