• Башкы бет
  • «Боорукердик» үй-интернатынан өрт чыкты
15:38, -ж., 3-июль

«Боорукердик» үй-интернатынан өрт чыкты

«Боорукердик» үй-интернатынан өрт  чыкты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылындагы «Боорукердик» үй-интернатынан өрт чыгып, балдар жайгашкан имараттын 80 пайызы күйүп кетти. Бул тууралуу мекеменин жетекчиси Айгүл Калматова бир катар ЖМКларга билдирген.

Анын айтымына караганда, өрт 2-июлда кечки саат жетиден өткөндө чыккан. 

«Бизде эки имарат бар. Биринде карыялар, экинчисинде балдар жайгашкан. Балдар жайгашкан имараттан өрт чыгып, 70-80 пайызы жараксыз болуп калды»,-дейт Калматова.

Учурда балдар убактылуу ашканада жайгашты. Имаратты оңдогонго чейин балдар убактылуу лагерлерге жөнөтүлөт. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт кечки саат тогузда толугу менен өчүрүлгөнүн кабарлады. Жабыркагандар болгон эмес. Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 399 чарчы метр болгон «Боорукердик үйүнүн» 198 чарчы метр аянты күйүп, үч шкаф, төрт төшөк, пианино, телевизор жана 10 даана отургуч өрттөнгөн. Азыркы  учурда өрттүн себеби такталып жатат. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Боорукердик үйү

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...