
14:14, -ж., 13-июнь
Чек ара чырында каза болгон аскерлердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү

Былтыркы Баткендеги каргашалуу окуяда көз жумган 37 аскердин үй-бүлөсүнө компенсация төлөндү. Калган 5 аскердин документтери даярдалып жатат. Бул тууралуу Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында айтты.
Айтымында, жараат алгандардын ичинен 10 аскерге гана кенемте берилген эмес. Ага алардын жарааты жеңил деген жыйынтык себеп болгон.
Ал эми президент Садыр Жапаров бул маселени тактап, мыйзамда, бюджеттен каралбаса башка булактардан каражат таап компенсация төлөп берүү керектигин тапшырды.
Былтыр 16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуя болуп, 63 жаран каза болгон. Жалпы 661 турак жай зыян тартып, анын 423ү жашоого жараксыз абалга келген. Чек ара чырынан улам 136 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жакка көчүрүлүп кетүүгө мажбур болгон.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
14:47
-ж., 30-ноябрь
Атайын тема
Жарыялар
12:31, -ж., 21-ноябрь
29
15:37, -ж., 18-ноябрь
15:20, -ж., 18-ноябрь
live comments feed...
Комментарийлер