
11:09, -ж., 7-июнь
Катар эмиринин Кыргызстанга келүү себеби айтылды

Бүгүн, 7-июнда Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани менен президент Садыр Жапаровдун тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрү башталды. Жолугушуу «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө.
Андан кийин эки өлкөнүн башчылары кең форматта сүйлөшүүлөрдү улантып, эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашат.
Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келиши эки өлкөнүн дипломатиялык алакасына 25 жыл толгонуна байланыштуу болгону айтылды. Кыргызстан менен Катар дипломатиялык документтерге 1998-жылы кол коюшкан.
Бүгүнкү күнгө чейин Катар мамлекети Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүп келет. Азыркы тапта өлкөнүн үч аймагында: Кызыл-Кыя шаарында, Озерная айылында, Кочкор айылында социалдык шаарчалар салынууда.
Мындан сырткары Катар мамлекети Бишкектин Кара-Жыгач конушуна IT-академиясын, андан тышкары борбордук бөлүгүнө 4 кабаттуу оорукана куруп жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер