
11:00, -ж., 7-июнь
Сириядан аялдар жана балдар алып келинди

Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар реабилитациядан өтүп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, ушул жылдын 16-февралында «Айкөл» операциясынын алкагында 18 аял жана 41 бала Сириянын лагерлеринен Кыргызстанга алып келинген.
Көчүрүп келүү Американын Кыргызстандагы элчилигинин көмөгү менен тиешелүү мамлекеттик органдардын аракети менен ишке ашырылды.
Кыргызстанга келгенден кийин аялдар жана балдар реабилитациялык борборго жайгаштырылып, медициналык, психологиялык, теологиялык, билим берүү боюнча иш алып барышкан. Балдарды документтештирүү иштери да жүргүзүлгөн.
Ишке тартылган мамлекеттик органдардын адистеринин жакшы координацияланган командалык ишинин, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Крест комитетинин Кыргызстандагы миссиясынын колдоосу менен ушул жылдын 1-июнунда реабилитациялоо процесси аяктап, аялдар жана балдар мурда жашаган жерлерине жөнөтүлдү.
Ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик органдар аларды реинтеграциялоо жана коомго адаптациялоо боюнча иштерди улантат. Жалпы координациялоону Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ишке ашырат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер