• Башкы бет
  • Ноокатта 22 бодо малды уурдалган. Шектүү кармалды
10:49, 2023-ж., 7-июнь

Ноокатта 22 бодо малды уурдалган. Шектүү кармалды

Ноокатта 22 бодо малды уурдалган. Шектүү кармалды

Ноокат районунда 22 баш бодо малды урдоого шектелген жаран кармалды. Анын үстүнөн аталган райондун сегиз тургуну арыз жазган.

Ош облустук милициясынан билдиришкендей, алар арызында 22 баш малдарын жайытка айдашып, ошол бойдон таппай калышкандыгын айтышкан. 

Анын негизинде факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, уурдоо белгилери менен кылмыш иши козголгон. 

Шектүү малдарды Ноокат районундагы мал базарда жана үйүнөн мал алып сатып иштегендерди чакырып саткандыгы аныкталган. Тергөөнүн жүрүшүндө 5 баш мал ээлерине кайтарылган.

Жарандарга жалпы 1 420 000 сом материалдык зыян келтирилген. Учурда шектүү Д.М. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мал уурулук

Комментарийлер

live comments feed...