14:22, 2023-ж., 6-июнь

Ош шаарында жаңы сайт иштеп баштады

Ош шаарында жаңы сайт иштеп баштады

Ош шаарынын мэриясында «Иш-аракеттерди интеграциялоо максатында мэриянын жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлеринин маалымдуулугун жогорулатуу» максатында «Дени сак шаарлар» программасы боюнча тегерек стол болуп өттү.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун жетекчисинин орун басары Нуржамал Шейшеева жана муниципалдык ишканалардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин өкүлдөрү катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө, Ош шаарынын мэриясы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан «Дени сак шаарлар» программасынын алкагында аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берилип, дүйнө өлкөлөрүндө жана Кыргызстанда саламаттыкты сактоонун артыкчылыктуу багыттары боюнча баяндама жасалды.

Мындан тышкары, Ош шаарынын саламаттыкты сактоо координатору Э.Нурумбетов Ош шаарынын үй-бүлөлүк медициналык борбору жана жалпы медициналык практика борборунун кызматкерлери тарабынан жугуштуу оорулардын статистикасы, калк арасында алардын алдын алуу боюнча маалымат берилди.

Ошондой эле аталган программанын негизинде калктын ден соолугуна кам көрүү, жана сергек жашоону калыптандыруу максатында жасалып жаткан иш-аракеттер жөнүндө, анын ичинде негизги басым спортко, туура тамактанууга жана активдүү жашоо образын алып барууга жасалып жаткандыгы белгиленди.

Жыйындын соңунда Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жооптуу кызматкерлери «Дени сак шаарлар» программасынын маалыматтык сайтын колдонуу эрежелери боюнча презентациясын өткөрүштү.

“Сак-Саламат” (saksalamat.info) аркылуу тиешелүү органдарга кайрылуу менен калктын ден соолугун чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн жашоо шарттарын жакшыртууда өз көйгөйлөрүн жана маселелерин чечүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындан тышкары, ар бир жаран шаардын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча сунуштарын бере алат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...