• Башкы бет
  • Өзбек депутаты МамДуманын депутанын айткандары боюнча жооп берди
14:16, 2023-ж., 6-июнь

Өзбек депутаты МамДуманын депутанын айткандары боюнча жооп берди

Өзбек депутаты МамДуманын депутанын айткандары боюнча жооп берди

Орусиянын «Справедливая Россия» партиясынын жетекчиси Сергей Миронов өткөн жумада «ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары Украинадагы согушка катышса, аларды өз өлкөсүндө кылмыш жоопкерчилигине тартпоо керек» деген билдирүү тараткан.

«Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан — ЕАЭБге мүчө жана байкоочу өлкөлөр. Эгер ушул өлкөлөрдүн жарандыгын алган орустар өздөрүнүн тарыхый мекени үчүн согушта жардам берсе, же «атайын операцияга» катышууга кызыкдар болсо, анда алар камалат. Бул логикага жатпайт. Биз бул маселени өлкөлөр аралык деңгээлде чечүүнү талап кылабыз. Эгер кеп ЕАЭБдин кызыкчылыгын коргоо боюнча болуп жатса, анда жоопко такыр тартылбашы керек», — деген Миронов.

Буга Кыргызстандын бийлиги азырынча үн ката элек. Өзбекстандын «Юксалиш» жалпы элдик партиясынын жетекчиси, Жогорку Межилистин депутаты Бабур Бекмурадов жооп кайтарып, Орусиянын депутатын алгач өз өлкөсүнүн Башмыйзамын окуп чыгуусун сунуштады.

«Миронов бул маселеге нааразы болгондон мурун өз өлкөсүнүн мыйзамдарынын үстүнөн иштесин. Анткени Орусиянын Башмыйзамында жалданма аскерлер үчүн кылмыш жоопкерчилиги бар. Анда өлкөнүн жараны болбогон жана бул аймакта туруктуу жашабаган жарандар аскердик аракеттерде катышуусу кылмыш деп эсептелет», — деп жазган өзбекстандык депутат

Ошондой эле ал Өзбекстан ЕАЭБдин мүчөсү эмес экенин, мындай билдирүүдө этият болуусун эскертип, эгемен мамлекет башкалар каалагандай мыйзам кабыл алууга жол бербесин билдирген.

Өзбек депутаты жарандарга кайрылып, Башмыйзам боюнча башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышкан жарандарды оор кылмыш жазасы күтөрүн, бул мыйзам 1994-жылдан бери иштеп жатканын кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Өзбек депутаты

Комментарийлер

live comments feed...