• Башкы бет
  • Вебкам-студия иштеткен делген Даниел Ажиев кармалды
14:12, 2023-ж., 6-июнь

Вебкам-студия иштеткен делген Даниел Ажиев кармалды

Вебкам-студия иштеткен делген Даниел Ажиев кармалды

Улуттук коопсуздук  боюнча мамлекеттик комитет Э.А. аттуу жаран акча талап кылуу фактысы боюнча арыз менен кайрылып, анын негизинде Д.А. жетектеген трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлганын кабарлады. 

Маалыматка караганда,вебкам студияларынын оператору болуп турган Э.А. аттуу жаран арызында эмгек тартибин бузган деген негизде Н.Ш. деген администратордун психологиялык басымына кабылганын, ал коркутуу жолу менен 2000 доллар талап кылганын айткан.

«Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон. Белгиленген топтун мүчөлөрү кызмат көрсөтө тургандарды чет мамлекеттердин аймагынан тартышкан. Операторлор үч нөөмөт менен иштешкен, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт», -дейт УКМК.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар камакка алынган.

«Д.А. өзү Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган. Андан кийин УКМКнын талабы менен Бириккен Араб Эмиратына качууга аракет кылып жаткан жеринен Өзбекстандын аймагынан кармалды. Ал 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлүп берилди», -дейт атайын кызмат. 

УКМК кармалган адамдын аты-жөнүн баш тамгалары (Д.А.) менен берген. Аталган инициал Даниел Ажиевге дал келүүдө. Атайын кызмат анын кармалган учурдагы сүрөтүн да жарыялады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...