• Башкы бет
  • УКМК бийликти басып алууга шектелгендерди массалык түрдө кармады
14:05, 2023-ж., 6-июнь

УКМК бийликти басып алууга шектелгендерди массалык түрдө кармады

УКМК бийликти басып алууга шектелгендерди массалык түрдө кармады

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат маалымат таратты. 

Анда УКМК  «Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярдыктарды жүргүзгөн, андан кийин бийликти күч менен басып алууга аракет кылган адамдардын тобунун мыйзамсыз аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду», — деп  билдирген.

Алынган маалыматтардын, чогултулган аудио-видео материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон.

«Аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталган. Негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист жана «Элдик Кеңеш» саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды. Аталган жарандын жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн. Алар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, УКМК бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн аймактарынан 100дөн ашык адам тартылганын, алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөнүн айтты. Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөнүн кошумчалалган.

Кечээ 5-июнда УКМК 30дан ашуун катышуучу кармаган. Жазык-процесстик кодекстин  96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А., күнөөсүн мойнуна алышкан. 

Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдер алынган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...