• Башкы бет
  • Катардын эмири Кыргызстанга келет: 3 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт
14:08, 2023-ж., 5-июнь

Катардын эмири Кыргызстанга келет: 3 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт

Катардын эмири Кыргызстанга келет: 3 милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт

6-7-июнь күндөрү Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад ал-Тани мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келет. Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздоо боюнча чараларды көрүп жатат.

Мекемеден кабарлашкандай, учурда ыкчам штаб түзүлүп, ички иштер органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын эсептөө жүргүзүлдү. Бул күндөрү 3 миңге жакын милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт.

Расмий жана салтанаттуу иш-чаралар өтө турган жерлер өзгөчө көзөмөлгө алынып, жолдун айрым тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Ушуга байланыштуу ИИМ жарандардан көрүлгөн чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...