• Башкы бет
  • Июнь окуясында милиция кызматерин өлтүрүүгө шектелгендер кармалды
16:28, 2023-ж., 1-июнь

Июнь окуясында милиция кызматерин өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Июнь окуясында милиция кызматерин өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

ИИМ кызматкерин өлтүрүүгө шектелип Сузак районунун эки тургуну кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

Маалыматка ылайык, алар ушул жылдын 27-майында кармалган.

«Алар 2010-жылдын июнь айында Жалал-Абад облусунда болгон массалык баш аламандыкка активдүү катышкан. Ошондой эле милициянын подполковнигин өлтүрүүгө катышкандыгы аныкталды. Бирок 2010-2011-жылдары тергөө учурунда алардын өздүгү аныкталбай калган», — деп айтылат билдирүүдө.

Кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалгандар тергөө абагына киргизилген.

Ошондой эле, УКМК 2010-жылдын июнь окуяларынын уюштуруучуларын жана активдүү катышуучуларын аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалаган. Ага байланыштуу өзгөчө оор кылмыш жасаган адамдарга карата эскирүү мөөнөтү колдонулбай турганын эскерткен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Июнь коогасы

Комментарийлер

live comments feed...