• Башкы бет
  • Президент балдарды майрамы менен куттуктады
16:26, 2023-ж., 1-июнь

Президент балдарды майрамы менен куттуктады

Президент балдарды майрамы менен куттуктады

1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата куттуктоосунда президент Садыр Жапаров бардык ата-энелерди балдарга мээрим төгүп, камкор мамиле кылууга чакырды.

Өлкө башчысы бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан балдардын ден соолугуна кам көрүүгө, социалдык жактан коргоого, рухий баалуулуктардын таасиринде тарбиялоого жана заманбап билим берүүгө болгон аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи.

«Себеби, ар бир үй-бүлөнүн да, өлкөбүздүн да ийгилиги менен жетишкендиги таалим-тарбия көргөн, сапаттуу билим алган, ден соолугу чың балдардын колунда экенин жакшы билебиз. Кайсы гана өлкөнү албайлы, кайсы гана элди албайлы, бала – бул бакыт, бала – бул жашоо маңызы деп айтылып, балага мээрим төгүү жана кам көрүү баарынан жогору бааланат. Мамлекеттин социалдык саясатында дагы эң маанилүү, артыкчылык берилген багыттарынын бири катары каралат«, -дейт президент. 

Жапаров куттуктоосунда балдардын ар бир күнү жакшы маанай, жаркын элестер менен унутулгус сезимдерге толушун каалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Президент

Комментарийлер

live comments feed...