• Башкы бет
  • Ош шаарынын өкүлдөрү Казан шаарында өткөн эл аралык тренингге катышты
14:23, 2023-ж., 31-май

Ош шаарынын өкүлдөрү Казан шаарында өткөн эл аралык тренингге катышты

Ош шаарынын өкүлдөрү Казан шаарында өткөн эл аралык тренингге катышты

Татарстан Республикасынын Казан шаарында 25-27-май күндөрү «Евразия шаарлары жана дүйнөлүк тренддер» аттуу эл аралык тренинг болуп өттү.

Ага, Ош шаарынынын мэриясынын аппарат жетекчиси А.Кубатбек уулу баштаган жумушчу топ катышты. Жумушчу топтун курамына Ош шаардык кеңешинин депутаттары Э.Арзиев, Б.Баетов, Ж.Ормонова, ошондой эле, КР ЖӨБ Союзунун төрагасы К.Конгантиев, КР ЖӨБ Союзунун директору Б.Орозбаев жана Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыков кирген.

Иш-чаранын алкагында, «Евразия чөлкөмүндөгү эл аралык муниципалдык кызматташтык жана глобалдык тренддер» пленардык сессиясы жана тренинг жүрүп, анда катышуучулар шаарларды өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу маселесин талкуулашып, социалдык контракт долбоору тууралуу сүйлөшүштү.

Андан сырткары, тренингдин катышуучулары жашаган аймактарындагы маанилүү жетишкендиктер тууралуу маалымат беришип, эл аралык аренада шаардын көрүнүшүн жакшыртуу боюнча сунуш-пикирлерин айтышты.

Ошондой эле, Азат Кубатбек уулу Ош шаары жөнүндө кыскача видео-тасманы тартуулап, конокторду быйылкы жылга мерчемделген «Ош-Фест» фестивалына чакырды.

Белгилей кетсек, тренинг Бүткүл дүйнөлүк уюмдун Евразиялык аймактык бөлүмү, «Бириккен шаарлар жана жергиликтүү бийлик органдары» - UCLG Евразиялык филиалы жана Казан шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...