
14:07, -ж., 31-май
Акылбек Жапаров «D Billions» чыгармачыл тобу менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргызстандык белгилүү «D Billions» чыгармачыл тобунун мүчөлөрү менен жолукту. Анда «D Billions» биздин өлкөнүн чоң сыймыгы экенин белгилеген.
Ал эми аталган команда 1-июнда калаанын борбордук аянтында балдар үчүн чоң майрамдык фестивал тартуулоо демилгеси тууралуу билдиришкен.
«Бүткүл дүйнөнүн балдары Чики, Ча-ча, Бум-Бум жана Лялинин кызыктуу жана билим берүүчү жоруктарын зор кызыгуу менен көрүп жатышат. Ар кандай каналдарда сиздер 40 миллиарддан ашуун көрүүгө жетиштиңиздер жана чындыгында дүйнөлүк жылдыздарга айландыңыздар. Сиздердин ийгилигиңиздерге шыктануу менен биздин өлкөдө балдар контентин өндүрүү боюнча жаңы тармак ачылды – азыртадан эле биздин таланттуу жигиттердин 100дөн ашуун ар кандай топтору интернет мейкиндигин багындырууда. Биздин милдет бул демилгелерди болгон күчүбүз менен колдоп, Кыргызстандын чыгармачыл тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү», — деген Акылбек Жапаров.
«D Billions» – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет.
Команданын курамында топтун негиздөөчүсү Эрнист Үмөталиев, ошондой эле аткаруучулар Исманалиев Бактыбек — Чики (Chiky), Анаркул уулу Асылбек — Ча-Ча (Cha-Cha), Жаныбек Жеңишбеков — Бум-Бум (Boom-Boom) жана Дарина. Векуа — Ляля (Lya-Lya) бар.
Англис тилдүү «D Billions» каналынын YouTubeда 25 миллиондон ашуун катталуучусу бар жана бриллиант баскычына ээ.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
live comments feed...
Комментарийлер