• Башкы бет
  • Садыр Жапаров: Бакиев Кыргызстанга келсе мыйзам чегинде камалат
14:32, 2023-ж., 30-май

Садыр Жапаров: Бакиев Кыргызстанга келсе мыйзам чегинде камалат

Садыр Жапаров: Бакиев Кыргызстанга келсе мыйзам чегинде камалат

Президент Садыр Жапаров, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин өлкөгө келиши жана журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги боюнча пикирин билдирди. Маек кабар маалымат агенттигине 30-майда жарыяланды.

Анда өлкө башчы Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин айткан.

«Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек. Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе мен жогоруда айткандай, албетте, камалышат. Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимдерди соттор актап жиберээрине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан», — деген президент Садыр Жапаров.

Буга чейин Кадыр Кошалиев Курманбек Бакиев менен маек курган. Аталган интервью 16-майда жарыяланган. Анда журналист мурдагы президенттен анын тушунда кандай иштер жасалганы жана 2010-жылкы Апрель окуясы, анын бийлиги тушундагы буюртма киши өлтүрүүлөр тууралуу суроолорго жооп алган. Анда Бакиев ага карата козголгон кылмыш иштерин иликтөөдө ката кетирилген деп айткан. Ошондой эле адвокат жалдап, видеобайланыш аркылуу өз иши боюнча сотко катышкысы келерин билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...