
14:27, -ж., 30-май
Президент: "Акаевдин көрсөтмөлөрү "Кумтөрдү" алганга пайдасы тийди"

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агентигине курган маегинде мурдагы президент Аскар Акаев тууралуу пикирин билдирди. Өлкө башчынын айтымында, Акаевдин суракта берген көрсөтмөлөрү «Кумтөрдү» Кыргызстанга алганга аябай пайдасы тийген.
«Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан «Кумтөрдү» «Центеррадан» талашып жатканда «көрсөтмө берип кетиңиз» деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек дагы камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү «Кумтөрдү» Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр дагы кеч эмес. «Кумтөр» мындан ары дагы 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. Анын алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия-жөлөкпулдарды дароо эселеп көтөргөнгө жардам болду».
2005-жылы март окуясында кызматынан четтетилип, Кыргызстандан чыгып кеткен мурдагы президент Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева менен чогуу 20-майда Казакстан аркылуу Кыргызстанга келгени кабарланган. Анын санаалаштарынын бири Бекболот Талгарбеков Акаев өлкөнүн жогорку окуу жайларында лекция окуй турганын билдирген.
21-майда Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин айрым студенттери окуу жайда мурдагы президенттин лекция окуусуна каршылык билдирип чыгышкан. Студенттердин бири Элхан Алыбаев Телеграмга «Акаевдин качандыр бир келечегин уурдап алган жаш муундун алдында лекция окуу дымагын — мен шылдыңдоо катары эсептейм», — деп жазган.
Аскар Акаев 2005-жылдан бери Кыргызстанга алгачкы жолу 2021-жылы 2-августта «Кумтөр иши» боюнча тергөө менен кызматташуу үчүн келген. Ал Бишкекте бир апта сурак бергенден кийин кайра Орусияга кеткен. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер