13:32, -ж., 29-май

Ош шаарында 7 саат бою газ жок болот

Ош шаарында 7 саат бою газ жок болот

Ош шаарында 29-май күнү саат 10:00дөн 17:00гө чейин убактылуу газ берүү токтотулат.

Бул тууралуу, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” филиалы билдирди.

Ишкана көгүлтүр от берүү Масалиев, Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 325 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусу аныкталып, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи.

Жаратылыш газын берүү төмөнкү даректер боюнча өчүрүлөт: Масалиев, Раимбеков, Ош, Ашимахунов, Алай, Аношин көчөлөрү.

Ошондой эле ишкана, шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранып кетет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош газ

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...