• Башкы бет
  • Президенттик администрация мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгеси боюнча комментарий берди
13:25, -ж., 29-май

Президенттик администрация мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгеси боюнча комментарий берди

Президенттик администрация мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгеси боюнча комментарий берди

Президент Садыр Жапаров мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобойт. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, Жогорку Кеңештин депуттары тарабынан демилгеленип жаткан, мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү сунушу коомдо терс пикирлерди жаратууда. Мындай демилгени — мамлекеттик бийликтин позициясы катары түшүнүп алгандар дагы жок эмес.

Ага байланыштуу, президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы төмөндөгүлөрдү билдирет.

«Президенттин жарлыгы менен, өткөн 2022-жылдын апрель айында, фермерлер жана дыйкандарга жеңилдиктер берилген. Анда, айыл-чарба багытындагы пайдаланган жерлер 3 жылга салыктан бошотулган. Аталган мөөнөт аяктагандан кийин, жер салыгынан бошотуу тууралуу маселе кайра каралат. Президент фермерлерге жана дыйкандарга жеңилдик шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт. Ошондой эле, депутаттардын мал жандыктарга салыктын түрүн киргизүү демилгесин колдобой турганын маалымдайбыз», — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал-жандыктарга салык салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан болчу.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мал жандыктар

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...