• Башкы бет
  • Бүгүн өлкөдө Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы белгиленүүдө
13:23, -ж., 29-май

Бүгүн өлкөдө Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн өлкөдө Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы белгиленүүдө

Бүгүн, 2023-жылдын 28-майында Кыргызстанда «Чек арачылар күнү», ошондой эле Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 24 жылдыгы белгиленип жатат. Бул туурлауу Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгынан билдиришди.

Чек арачылардын күнүнө карай Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Дайыр Асанов атындагы сейил багында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда аскердик милдетин аткарууда курман болгон чек арачылардын элесине таазим этип, алардын эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Чек арачыларды куттуктап башка күч структураларынын, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү да келишти. Алар чек арачыларга күжүрмөн кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматта өзгөчөлөнгөн аскер кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктарды тапшырышты.

Бул күн 1999-жылы чек ара кызматынын макамын жогорулатуу жана анын ишин жакшыртуу максатында өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Бул датанын тандалышына 1918-жылы 28-майда элдик комиссарлар кеңеши тарабынан чек ара күзөтүнүн түзүлүшү себеп болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Чек ара кызматы

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...