
13:22, -ж., 29-май
Түркиядагы шайлоо: алдын ала жыйынтык боюнча Эрдоган алдыда баратат

Түркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы добуштардын 98% саналып бүттү.
Hurriyet басылмасы билдиргендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.
Эрдоган өзүн жеңүүчү атады. Ал түрк эли алдыдагы беш жылда өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин өзүнө жана анын администрациясына өткөрүп бергенин айтты. Эрдоган шайлоонун жыйынтыгын демократиянын майрамы деп атады.
Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты. Өлкө боюнча 191 миңден ашык урна орнотулду.
Түркиянын Жогорку шайлоо кеңешинин маалыматына караганда, шайлоонун экинчи айлампасы мыйзам бузууларсыз өттү. Ошол эле маалда журналисттер айрым шайлоо тилкелеринде байкоочуларга кол салган учурлар болгонун кабарлашты. Стамбулдун чет жакаларынын биринде сегиз жыл мурун каза болгон жергиликтүү тургун шайлоочулардын тизмесинде болгон.
Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер