• Башкы бет
  • Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды куттуктады
13:17, -ж., 29-май

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды куттуктады

Садыр Жапаров Режеп Тайып Эрдоганды куттуктады

Президент Садыр Жапаров Түркиядагы президенттик шайлоонун экинчи турунда көп добуш алган Режеп Тайып Эрдоганды жеңиши менен куттуктады. 

«Түркия эли сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти. Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем», — деп билдирди президент. 

Түркияда кечээ, 28-майда президенттик шайлоонун экинчи туру болуп өттү. Hurriyet басылмасы билдиргендей, алдын ала жыйынтыктар боюнча Режеп Тайып Эрдоган алдыда баратат. Ал шайлоочулардын 52,08% колдоосуна ээ болду. Анын атаандашы, бирдиктүү оппозициянын талапкери Кемал Кылычдароглу азырынча добуштардын 47,92% топтоду.

Эрдоган өзүн жеңүүчү атады. Ал түрк эли алдыдагы беш жылда өлкөнү башкаруу жоопкерчилигин өзүнө жана анын администрациясына өткөрүп бергенин айтты. Эрдоган шайлоонун жыйынтыгын демократиянын майрамы деп атады.

Добуш берүүгө шайлоочулардын 85% ашыгы катышты. Өлкө боюнча 191 миңден ашык урна орнотулду.

Эрдоган 21 жылдан бери бийликте турган АК партияны жетектеп келет. Ал буга чейин Стамбул шаарынын мэри, өлкөнүн премьер-министри кызматтарын аркалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...