• Башкы бет
  • Кыргызстандыктарга Улуу Британияда иштөө үчүн 1000 квота берилди
16:00, 2023-ж., 27-май

Кыргызстандыктарга Улуу Британияда иштөө үчүн 1000 квота берилди

Кыргызстандыктарга Улуу Британияда иштөө үчүн 1000 квота берилди

Улуу Британияда иштөө үчүн Кыргызстанга дагы 1000 квота берилди. Тиешелүү макулдашууга бүгүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору менен Улуу Британиянын Өкмөтү ыйгарым укук берген Etero операторунун ортосунда кол коюлду. Кол коюу онлайн форматында өттү.

Анын алкагында 18-46 жаштагы Кыргызстандын жарандары Улуу Британиянын Айыл чарба тармагында 6 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышат. Талаптардын катарына жаш курагынан тышкары орус тилин билүү, физикалык жана психологиялык ден соолугу чың болуусу кирет.

Эмгек акы жумуш саатына 10 фунт стерлинг өлчөмүндө белгиленет. Ошол эле учурда кыргызстандыктар визаны (259 фунт стерлинг), авиабилеттерди (баасы өзгөрүп турат) төлөшү керек, жатакананын жана алгачкы 2 жумадагы тамак-аштын акысын кызматкер көтөрөт. Жалпы чыгым 100 миң сомго чейин болушу мүмкүн.

Улуу Британияга тандоо тууралуу маалымат Жарандарды чет өлкөдөгө ишке орноштуруу борборунун migrant.kg сайтында жайгаштырылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Улуу Британия

Комментарийлер

live comments feed...