• Башкы бет
  • Дары-дармек департаментинин директору камакка алынды
15:34, 2023-ж., 27-май

Дары-дармек департаментинин директору камакка алынды

Дары-дармек департаментинин директору камакка алынды

Дары-дармек департаментинин директору А.А.И 23-июнга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Саламаттыктыкты сактоо министрлигин алдындагы Дары-дармек департаментинин директорун УКМК лицензиялоо системасындагы коррупциялык схемага байланыштуу 25-майда кармаган.

Ага карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, опузалап пара талап кылуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле, А.А.И. мыйзамсыз киреше алуу жана жеке баюу максатында департаменттин жооптуу кызматкерлери менен жең учунан сүйлөшүүгө, оң чечим чыгаруу жана күбөлүк берүү үчүн фармацевтикалык ишканалардан акча каражаттарын алып турганга шектелген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Дары-дармек департаменти

Комментарийлер

live comments feed...