• Башкы бет
  • Ош шаардык мэриясы Папан суу сактагычынын жээктерин таза кармоого көмөк көрсөтөт
15:10, 2023-ж., 26-май

Ош шаардык мэриясы Папан суу сактагычынын жээктерин таза кармоого көмөк көрсөтөт

Ош шаардык мэриясы Папан суу сактагычынын жээктерин таза кармоого көмөк көрсөтөт

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылган Папан суу сактагычына барды.

Калаа башчысы тиешелүү адистер тарабынан дарыянын жээктерин таштандылардан тазалоо, сууга түшүп кеткен малдарды кармоо үчүн керектүү жабдыктарды орнотуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтарды укту.

Ага байланыштуу Бакытбек Жетигенов экологиялык ченемдердин сакталышына өзгөчө көңүл бурууга чакырып, бул маселе боюнча Ош шаардык мэриясы керектүү жардамдарды берерин кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Папан суу сактагчы

Комментарийлер

live comments feed...