Атайын тема
Данный раздел содержит официальные сообщения и новости от пресс-службы мэрии города Ош. Узнайте первыми из официального источника, оставьте свои отзывы под новостью!
Өзбекстандын Жиззак шаарында өтүп жаткан бел боо күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алгачкы күнүндө Ош шаарынын эки спортчусу - 60 кг салмакта Баяман Абидинов (эркин стилде) жана 55 кг салмакта Эльзада Момунжанова (классикалык стилде) жеңишке жетишип, өз салмак категорияларында биринчи орунду ээлешти.
Белгилей кетсек, чемпионаттын биринчи күнүндө
Кыргызстандын жалпы 6 спортчусу алтын медаль тагынышкан. Аталган чемпионатка жалпысынан дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн 200дөн ашык спортчу катышууда.
Мелдештер эркектер жана аялдар арасында, 12 салмактык категориясында өтүүдө.
Комментарийлер