• Башкы бет
  • Оштогу мектептерде "Акыркы коңгуроо" аземи боулп өттү
15:07, 2023-ж., 26-май

Оштогу мектептерде "Акыркы коңгуроо" аземи боулп өттү

Оштогу мектептерде "Акыркы коңгуроо" аземи боулп өттү

25-май күнү Ош шаарындагы бардык мектептерде “Акыркы коңгуроо” аземи болуп өттү. Мамлекеттик билим берүү мекемелеринде өткөн майрамдык иш-чараларга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык өкүлдөрү катышты.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов майрамдык иш-чаранын алкагында №52 «Кыргыз түрк достугу» атындагы лицей-мектебинде болуп, жалпы бүтүрүүчүлөрдү мектепти аяктап жатканы менен куттуктады.

Шаар башчысы өз сөзүндө окуучулардын мындан аркы профессионалдык өсүүсүнүн негизги пайдубалы катары мектепте алган билимдин маанисин, ошондой эле мугалимдердин жан аябас эмгегин, жаш муундарды тарбиялоодо жана окутууда баа жеткис салымын белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө билим берүү тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн өзгөчөлөнгөн мугалимдер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ош шаарында бүгүнкү күндө жалпысынан 88 мамлекеттик жана жеке менчик мектеп бар. Быйыл мектептерди 8513 бүтүрүүчү бүтүрсө, анын 2202си 11-классты, 6311и 9-классты бүтүргөндөр.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...