• Башкы бет
  • Ош шаарынын жана Өзбекстандын спортчуларынын арасында достук мамиле бекемдейт
15:04, 2023-ж., 26-май

Ош шаарынын жана Өзбекстандын спортчуларынын арасында достук мамиле бекемдейт

Ош шаарынын жана Өзбекстандын спортчуларынын арасында достук мамиле бекемдейт

Өзбекстандын Жиззак облусуна барган Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен Өзбекстан Республикасынын Жиззак облусунун Жаштар саясаты жана спорт башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Бекдөөлөт Абакиров менен Жиззак облусунун жаштар саясаты жана спорт башкармалыгынын башчысы Жалолидин Уктамов эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жолунда, эки элдин ортосундагы бир туугандык мамилелерин кеңейтүү жана күчөтүү маанилүүлүгүн белгилешти.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаты Максат Маматкулов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жана Жиззак облусунун жаштар саясаты жана спорт башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Дене тарбия жана спорт комитети

Комментарийлер

live comments feed...